Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX чакырылыштын 9 (кезексиз) сессиясы
2025-жылдын 8-сентябры №9/53
Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ыйгарым укуктарын берүү боюнча Келишимди бекитүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн тургундарына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Гавриловка айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ыйгарым укуктарын берүү боюнча Келишим бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн административдик имаратынан тиешелүү бөлмө бөлүнүп берилсин жана жооптуу адис дайындалсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» Мамлекеттик мекемесине жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У. Картанбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |