Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №142
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылындагы кичи футбол аянтчасын пайдалануу үчүн акы төлөмдөрүн бекитип берүү жөнүндө ”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылындагы кичи футбол аянтчасын пайдалануу үчүн акы төлөмдөрүн бекитип берүү зарылдыгы, пайдалануу акысынан алынган акча каражатына спорттук шаймандарды жана инвентарларды сатып ала тургандыктары жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 Терек-Сай айылындагы кичи футбол аянтчасын пайдалануу үчүн акы төлөмдөрү 18 жашка чейинки балдарга акысыз, 18 жаштан жогору тургундарга 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин жана андан түшкөн акча каражатына кичи футбол аянтчасына керектүү спорттук шаймандар, инвентарлар сатылып алынсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын финансы -экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |