Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX чакырылыштын 9 (кезексиз) сессиясы
2025-жылдын 8-сентябры № 9/54
Маршруттук каттам жөнүндө
“Шопоков-Унаа” МИнин директору У.Н. Шекимбаевдин сунуш пикирин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши 2025-жылдын 8-сентябрындагы 9-протоколунун негизинде, Шалта айылынын тургундарын коомдук транспорт менен өз убагында сапаттуу камсыз кылуу максатында, Гавриловка айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ыйгарым укуктарын берүү боюнча Келишим бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн административдик имаратынан тиешелүү бөлмө бөлүнүп берилсин жана жооптуу адис дайындалсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» Мамлекеттик мекемесине жиберилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У. Картанбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |