Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №143
““БЕН Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун пайдалануу укугун узартып берүү жөнүндө ”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К Исраиловдун “БЕН Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2025-жылдын 10-июлундагы №25 сандуу катына ылайык, айыл өкмөтүнүн токтому менен берилген жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтүн узартуу боюнча кайрылуусунун негизинде, жалпы аянты 2,8 га жер участогун (лицензия №6287) пайдалануу укугун 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартуу өтүнүчүнө макулдук берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 “БЕН Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, 2,8 га жер участогун 2025-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берүү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Смановго жана юристи Б.Ж.Сманкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр жай, жер жана агрардык маселелер, курулуш, муниципалдык менчик, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |