Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 9 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 8-сентябры № 9/55
Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотунун 2024-жылдын 14-февралындагы №52 Мыйзамынын 38-беренесине ылайык,Гавриловка айылынын аксакалдар сотунун төрагасы А.С.Аалиевдин сунушун пикирин угуп талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 4 кварталынын жыйынтыгы менен Гавриловка айылынын Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө төмөнкүдөй төломдөр берилсин: Аксакалдар сотунун төрагасына 10 сом, Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө 20 сом материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетине, Кыргыз Республикасынын Аксакалдар сотунун 2024-жылдын 14-февралындагы №52 Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, Аксакалдар сотунун төрагасына 40,0 миң сом, мүчөлөрү үчүн 20,0 мин сом “Сый акы” бекитилсин.
3. Гавриловка айыл өкмөтүнүн Социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Н.К.Каяева мыйзамда белгиленген тартипте эсептөө жүргүзсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл Бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |