Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №145
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар-Шекафтар автожолун асфальттоодо проекттик-сметалык суммага кошулбай калган 2% сатуудан алынуучу салыкты төлөп берүү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар-Шекафтар автожолун асфальттоо үчүн 2023-жылы түзүлгөн проекттик-сметалык долбоорго 2% сатуудан алынуучу салык кошулбай калгандыктан, “Бай Строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылусуна ылайык, түзүлгөн келишимде кошулбай калган салыктан алынуучу 2% өлчөмүндөгү тиешелүү акча каражатын кошумча карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.“Бай Строй” жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылусуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар-Шекафтар автожолун асфальттоо үчүн 2023-жылы түзүлгөн проекттик-сметалык долбоорго 2% сатуудан алынуучу салык кошулбай калгандыктан, салыктын бул түрүн эсепке алып, келишимге кошуу үчүн 595 363 (беш жүз токсон беш мин үч жүз алтымыш үч) сом каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын финансы -экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |