Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №146
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу аймактык ооруканада иштеген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тиш догдурунун айлыгын социалдык пакеттен карап берүү
жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу аймактык ооруканада иштеген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тиш догдуру Жамалов Эрболот турмуш шартына байланыштуу учурда иштеп тапкан каражаттары жетишпей, жашоо шартынан кыйналып жаткандыктан, айлык акысына кошумча каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу аймактык ооруканада иштеген үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тиш догдуру Жамалов Эрболоттун турмуш шартына байланыштуу учурда иштеп тапкан каражаттары жетишпей, жашоо шартынан кыйналып жаткандыктан, айлык акысына кошумча ай сайын 50 000 (элүү мин) сомдон каражат “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун социалдык пакетинен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын финансы -экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |