Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын
2025-жылдын 06-октябры №148
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө ”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Т.Куниеванын жана жалпы жамаатынын Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн 04.09.2025-жылдагы №01-04/735 чыгыш сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын алгачкы агартуучу жана коомдук ишмер Касым Тыныстановдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Т.Куниеванын жана жалпы жамаатынын Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебине Кыргыз Республикасынын алгачкы агартуучу жана коомдук ишмер Касым Тыныстановдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү сунушу канааттандырылсын.
2. Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебине Кыргыз Республикасынын алгачкы агартуучу жана коомдук ишмер Касым Тыныстановдун ысымын ыйгаруу боюнча тиешелүү мекемелер менен иш алып баруу жана иш кагаздарын жүргүзүү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юристи Б.Ж.Сманкуловго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
Абибакир у.Ж. |