Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын
2025-жылдын 20-октябры №151
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы чон селкананы тосмолоо боюнча каражат карап берүү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы чон селкананы тосмолоо боюнча даярдалган долбоорго ылайык каражат карап берүү зарылдыгы жөнүндөгү Ак-Терек айылынын депутаттарынын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы чон селкананы тосмолоо боюнча даярдалган долбоор боюнча 4 676 884 (төрт миллион алты жүз жетимиш алты мин сегиз жүз сексен төрт) сом каражат “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2025-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын финансы- экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн..
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у.Ж. |