Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын
2025-жылдын 20-октябры №153
“Кызыл-Токой айылындагы айылдык китепкананын жана айыл башчынын кабинетинин курулушун аяктоо үчүн каражат карап берүү жөнүндө ”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы
айылдык китепкананын жана айыл башчынын кабинетинин курулушун аяктоо үчүн акча каражатын чечип берүү зарылдыгы жөнүндөгү Кызыл-Токой айылынын депутаттарынын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы айылдык китепкананын жана айыл башчынын кабинетинин курулушун аяктоо үчүн 2 130 135 (эки миллион бир жүз отуз мин бир жүз отуз беш) сом “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2025-жылга каралган социалдык пакетинин эсебинен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у.Ж. |