Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 1-апрели № 275
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 627 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
–.1-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин (мындан ары – Министрлер Кабинети) жалпы жетектейт, анын ишин уюштурат, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана орун басарларынын, министрлердин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин ишин координациялайт жана контролдойт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (мындан ары – Министрлер Кабинетинин Төрагасы):
1)/Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары – Президент) тарабынан аныкталуучу мамлекеттин тышкы жана ички саясатынын негизги багыттарынын алкагында Министрлер Кабинетинин ишинин багыттарын аныктайт, алардын ишке ашырылышын координациялайт;
2).Конституциянын, мыйзамдардын жана Президенттин актыларынын жана тапшырмаларынын аткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан аткарылышын камсыз кылат;
3).Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары Министрлер Кабинетинин атынан чыгат, мыйзамдарда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өкмөттөр аралык жана башка эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коёт;
4).Президентке Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясатынын негизги багыттары, Министрлер Кабинетинин түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет;
5) төмөнкү маселелерди координациялайт:
–.мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу;
–.Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирген сот-укуктук реформа;
–.мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;