Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 20-февралы №1/2
“Т.Балтагулов айыл аймагынын 2025-жылда жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Т.Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин айыл өкмөттүн 2025-жылда жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын аткарылышы жөнүндөгү берген маалыматтарын, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2026-жылдын 9-февралындагы №1 отурумунун корутундусунун негизинде, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 айында өкмөт башчы Р.Кийикбаевдин аткарган иштери канааттандырардык деп белгилинсин.
3. Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы П.Касымбековдун 2025-жылдын 3 айында аткарган иштери канааттандырардык деп белгиленсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |