Редакцияот 29.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

VIII чакыруу, 1 сессиялык отурум

 

2026-жылдын 29-январы № 2/1

 

Жайыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысына кошумча үстөк төлөө жөнүндө

 

2022-жылдын 1-августундагы № 266 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 4-пунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Жайыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын маяналарына, 2026-жылдын январь айынан тартып жергиликтүү бюджеттен 30% кошумча үстөк төлөөгө уруксат берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е.Дженбаевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

 К.К. Чолпонкулов