Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 20-февралы №1/3
“Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 27-28-29-30-беренелерине, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына ылайык, айыл аймагындагы айылдарында өткөрүлгөн коомдук талкуулардагы сунуштарды эске алуу жана Т.Балтагулов айыл өкмөтү тарабынан сунушталган 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап чыгып, айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2026-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн №1 отурумунун корутундусунун негизинде, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү
1.1.Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү-50966,6 миң сомго, чыгаша бөлүгү-50966,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
1.2. Чыгаша бөлүгү төмөнкү беренелер боюнча бекитилсин: 2111 беренеси-17640,0 миң сом, 2121-беренеси-2547,4 миң сом, 2211-беренеси-635,0 миң сом, 2212-беренеси-42,0 миң сом, 2214-беренеси-378,0 миң сом, 2215-беренеси-4467,2 миң сом анын ичинен 22152 беренесине-750,0 миң сом, 22154-беренесине-3717,2 миң сом, 2221-беренеси-2760,0 миң сом, 2222-беренеси-830,0 миң сом, 2224-беренеси-2070,0 миң сом, 2511-беренеси-2390,0 миң сом, 2721-беренеси-795,0 миң сом, 2821-беренеси-504,6 миң сом, 2621-беренеси-186,6 миң сом, 3111-беренеси-15215,8 миң сом, 3112-беренесине-505,0 миң сом.
2. Атайын каражаттар сметасы:
2.1.Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-жылга атайын каражаттар сметасынын киреше бөлүгү-13596,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү-13596,0 миң сомго бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө бюджеттик каражакттарды максаттуу пайдаланууну, ички финансылык тартипти сактоону камсыз кылуу тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |