Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 20-февралы №1/4
“Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-жылдын 1-январына карата эсептик счетто жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларды бекитүү жөнүндө ”
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдун билдирүүсүнүн негизинде 2026-жылдын 1-январына карата айыл өкмөттүн эсептик счетунда жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларды бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2026-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн №1отурумунун корутундусунун негизинде, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылдын 1-январына карата эсептик счетунда жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларды статьялар жана тармактар боюнча бекитип берүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2026-жылдын 1-январына карата калган 2998,5 миң сом акча каражаты төмөнкү беренелер боюнча:
-3111 беренесине 2998,5 миң сом бекитилсин.
3. Атайын каражатындагы 51,5 миң сом калдык төмөнкү беренелер боюнча:
-2215 беренесине 13,0 миң сом,
-2222 беренесине 34,5 миң
-2218 беренесине 4,0 миң сомго бекитилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |