Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 20-февралы №1/5
“Т.Балтагулов айыл аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жарандык коргонуу комиссияларынын кол тийгис акча каражатын жана жергиликтүү коомчулуктарды демилгелерин колдоо жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы Бюджеттик кодексинин 51-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы “Жарандык коргонуу жөнүндө” №54 Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, айыл аймагында ар кандай табигый кырсыктандырдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында, коргонуу комиссияларынын кол тийгис акча каражатын бөлүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2026-жылдын 9-февралындагы өткөрүлгөн №1 отурумунун корутундусунун негизинде, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга айыл аймакта ар түрдүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандык коргонуу комиссияларынын кол тийгис акча каражаты үчүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл аймагында жергиликтүү коомчулуктарды демилгелерин колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 2215 беренесинин эсебинен сметага ылайык акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомго тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |