Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XX-сессиясы

 

2023-жылдын 26-июну № 109

 Мады айыл аймагынын Чагыр айылындагы көчөгө ат коюу жөнүндө

 

     Мады айыл аймагынын Чагыр   айылынын тургундары Б.Абдыраимованын  арызынын  жана протоколунун негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап  Мады айылдык кеңеши

 

                                                      ТОКТОМ   КЫЛАТ:

          1. Мады айыл аймагынын   Чагыр айылындагы  Ош-Эркечтам чоң жолдун Турдукулов Садир атындагы көчөнүн бүтүшүнөн баштап Жали Маатов атындагы көчөгө чейин аралыкка Кадырбердиев Элгиздин ысымы ыйгарылсын.

   2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Чагыр айылындагыКадырбердиев Элгиз атындагы      

көчөгө  көчө белгилерин жаздырып илдирүү  жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Кадырбердиев Элгиздин балдарына, жакын туугандарына  милдеттендирилсин.

         3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов