Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XX-сессиясы

 

2023-жылдын 26-июну № 110

Мады   айыл аймагынын Асан-Чек айылынын Достук участкасындагы  көчөгө  Кочкоров Акжолдун   ысымын коюу жөнүндө

 

       Мады айыл аймагындагы Асан-Чек айылынын Достук участкасынын тургуну   Кочкорова Апалдын арызынын жана протоколунун негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап  Мады айылдык кеңеши

 

                                                     ТОКТОМ   КЫЛАТ:

        1. Мады айыл аймагынын  Асан-Чек айылынын Достук участкасындагы көчөгө  Кочкоров Акжолдун  ысымы ыйгарылсын.

        2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Асан-Чек айылынын Достук участкасындагы Кочкоров Акжол   атындагы      көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Кочкоров Акжолдун  жакын туугандарына  милдеттендирилсин.

        3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов