Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 20-февралы №1/6
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна, ассоциацияларына мүчөлүк акы бөлүп берүү жөнүндө ”
Т.Балтагулов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна, ассоциацияларына мүчөлүк акы төлөп берүү максатында, айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2026-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн №1 отурумунун корутундусунун негизинде, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылдын бюджетинен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзүнө төлөнүүчү мүчөлүк акысы үчүн “26211300 беренесине 186,6миң сом төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомго тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |