МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XXI-сессиясы
2023-жылдын 13-июлу № 125
Мады айыл аймагынын Социализм айылындагы №994 контурдан 2,90 га, №1006 контурдан 0,10 га, №1003 контурдан 0,14 га, жалпы-3,14 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар” категориясына которуу жөнүндө
Мады айыл аймагынын Социализм айылындагы №994 контурдан 2,90 га, №1006 контурдан 0,10 га, №1003 контурдан 0,14 га, жалпы- 3,14 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштар” категориясына которуу максатында Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 13-беренесин жетекчиликке алып Мады айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социализм айылындагы №994 контурдан 2,90 га, №1006 контурдан 0,10 га, №1003 контурдан 0,14 га, жалпы-3,14 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан“Калктуу конуштар” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы айылдык кеңешинен суралсын.
3. Мады айыл өкмөтүнүн жер адиси р.Сыдыковго жерлерди эсепке алуу, которуу жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документтерди даярдоо жагы тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Балтабаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |