Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XXI-сессиясы

 

2023-жылдын 14-июлу № 118

Лаглан  айылындагы борбордук  көчөгө Абдубали Аажу уулу Мамазаирдин  ысымын коюу жөнүндө

 

            Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы Лаглан  айылынын  тургуну  Мамадиев Советбектин арызынын жана протоколунун  негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

        1. Мады айыл аймагынын  Лаглан  айылындагы борбордук көчөгө    Абдубали Аажы уулу Мамазаирдин   ысымы ыйгарылсын.

       2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Лаглан айылындагы Абдубали Аажы уулу Мамазаир атындагы  көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун ондоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Абдубали Аажы уулу Мамазаирдин балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.

        3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

Төрага

 

Б.Мадазимов