Редакцияот 14.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XXI-сессиясы

 

2023-жылдын 14-июлу № 119

Тээке  айылындагы аты жок  көчөгө Кыдырбаев Курбанбайдын   ысымын коюу жөнүндө

 

  Мады айыл өкмөтүнүн  аймагындагы Тээке  айылынын тургуну  Кыдырбаев Сейитбектин  арызынын жана протоколунун  негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап   Мады айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

        1. Мады айыл аймагынын   Тээке   айылындагы аты жок  көчөгө   Кыдырбаев Курбанбайдын   ысымы ыйгарылсын.

      2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Тээке айылындагы Кыдырбаев Курбанбайдынатындагы  көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун ондоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Кыдырбаев Курбанбайдын балдарына, жакын туугандарына  милдеттендирилсин.

       3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов