Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 20-февралы №1/7
“ Т.Балтагулов айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн каражат ажыратуу жөнүндө ”
Т.Балтагулов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-октябрындагы №701 токтомуна ылайык, айыл чарбасын каттоо 2026-жылдын 10-апрелине чейин өткөрүү боюнча Ала-Бука райондук статистика бөлүмүнүн 2025-жылдын 26-декабрындагы №01-06/491 катынын негизинде сунушталган сметасын айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2026-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн №1 отурумунун корутундусунун негизинде, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн сунушталган сметага ылайык, алымча-кошумчасы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен мыйзамга ылайык каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомго тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартип күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |