МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XXIII-сессиясы
2023-жылдын 5-октябры № 128
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын жана жыйналыштардын өтүлүүчү графигин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын жана жыйналыштардын өтүлүүчү графигин бекитүү жөнүндөгү мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 жарлыгына ылайык “Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жөнүндөгү жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча аймакты бөлүктөргө бөлүп жана делегаттардын саны бекитилсин (№ 2 тикеме тиркелет).
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңешинин депутаттары бекитилсин (№3 тиркеме тиркелет).
4. Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жагы тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |