МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XXIII-сессиясы
2023-жылдын 5-октябры № 129
Биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча тобун түзүү жөнүндө
Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн артыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр сапатын жакшыртуу максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 01-18/84 “Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу” буйругунун негизинде, ошондой эле USAIDдин “Ийгиликтүү Аймак 2” долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу планында белгиленген кызматттардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана Баалоо тобун түзүү максатында Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу төмөнкү курамда түзүлсүн:
2. А.Шаданов- айыл өкмөт башчысынын орун басары.
3. Н.Торобекова - айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча адиси.
4. Р.Сидиков – айыл өкмөүнүн жер адиси.
5. Г.Садиева – айылдык кеңешинин депутаты.
6. К.Суйунбаев - айылдык кеңешинин депутаты.
7. Б.Калматов - айылдык кеңешинин депутаты.
8. М.Токуров – аксакалдар сотунун төрагасы.
9. Л.Абдураимова – ардагерлер кеңешинин төрайымы.
10. Г.Кадырова – аялдар кеңешинин төрайымы.
11. С.Токоева – бала бакча башчысы.
12. К.Анашова – айыл тургуну.
13. М.Усманов – айыл тургуну.
14. А.Шайназаров - айыл тургуну
1.Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун типтүү жобосу бекитилсин.
(№ 1 тиркеме)
2. Жогоруда түзүлгөн Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу Типтүү Жобого ылайык айыл аймак ичинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин төрагасы Б.Мадазимовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |
Тиркеме 1
|
| Мады айылдык кеңешинин XXIII –кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 5-октябрындагы №129 токтомуна тиркеме |
Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө
Типтүү жобо
1. Жалпы жоболор
Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана Типтүү жобого ылайык иштелип чыккан, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.
Жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги жана баалоо биргелешкен мониторинг жана баалоо болуп аталат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингинин жана баалоонун объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
- муниципалдык ишканалар жана мекемелер;
- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар;
- тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугунун турмуш-тиричилигин камсыз кылууга тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер (сууну пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА), ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмеси (ИПАКБ), жайыт комитеттери жана башкалар.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешкен мониторингди жана баалоону уюштуруучулар болуп саналышат. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана жергиликтүү кеңештин чечими боюнча түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн камтыган биргелешкен мониторинг жана баалоо (мындан ары – БМ жана Б) тобу тарбынан жүргүзүлөт.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо маалыматтык-телекоммуникациялык тутумдарды жана технологияларды, анын ичинде «Интернет» түйүндөрүн пайдалануу менен көпчүлүк алдында жана ачык жүргүзүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу орандары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине туруктуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу орандары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин натыйжаларын дайыма же бир жолку баалоо.
II. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун
максаттары жана милдеттери
2.1. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, жарандардын бирикмелеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызычылыктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирлерди, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарын жана сунуштамаларын эсепке алууну камсыз кылуу;
3) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишин коомдук баалоо;
4) коррупциянын алдын алууга жана жоюуга көмөк көрсөтүү;
2.2. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук менен кызматташуу усулдарынын натыйжалуулугун табуу;
3) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
4) мониторинг жана баалоо объекттеринин ишин бүтүндөйүнөн калк тарабынан жана атап айтканда айрым социалдык топтор (аялдар, жаштар, улгайгандар, жумушсуздар, ДМЧА жана башкалар) тарабынан канаттануунун деңгээлин изилдөө;
5) социалдык-экономикалык программаларды, биргелешип аракеттенүүлөрдүн пландарын жана гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча пландарды жана айылдык аймактын, шаардын башка программалык документтерин (мындан ары – өнүктүрүү программаларын жана пландарын) ишке ашырууда иш жүзүндө пайдаланылуучу убактылуу жана материалдык (анын ичинде финансылык) ресурстарды талдоону жана баалоону табуу, кийин табылган четтөөлөрдү четтетүү, өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруунун динамикасын контролдоо боюнча иш-чараларды аныктоо жана ишке ашыруу;
6) иштин кемчиликтери жана мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине калктын канаттанбаганы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдоо, аларды четтетүү боюнча сунуштарды жиберүү.
III. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүдөгү негизги
принциптер жана талаптар
3.1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
адамдын жана жарандын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын артыкчылыгы, басмырлоонун кандай гана болбосун формаларына чыдамсыздык;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүн презумпциялоо;
иштин ыктырдуулугу жана мыйзамдуулугу, БМ жана Б топторунун объективдүүлүгү, кынтыксыздыгы жана ак ниеттүүлүгү;
коомдук талкуулоонун жана анын натыйжаларынын айкындыгы, ачыктыгы;
БМ жана Б тобунун ишинин натыйжалары боюнча даярдалган жыйынтыктоочу документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кароонун милдеттүүлүгү жана БМ жана Б тобунун сунуштарын, сунуштамаларын жана тыянактарын эсепке алуу;
биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн бүтүндүгү жана оперативдүүлүгү.
3.2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессине карата негизги талаптар:
баштапкы маалыматтын объективдүүлүгү жана жетиштүүлүгү;
маалыматтын кошумча булактарын тартуу;
мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын дайма салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
баалоонун зарыл жана жетиштүү критерийлеринин минималдуу санын тандоо;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мониторингдин жүрүшүндө алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоо;
биргелешкен мониторинг жана баалоо объекттеринин мыйзамдуу ишине тоскоолдуктарды түзүүнүн жол берилбестиги.
IV. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети жана объекттери