МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XXIV-сессиясы
2023-жылдын 15-ноябры № 131
Мамлекеттик салык төлөмдөрүн өндүрүүнүн абалы жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик салык төлөмдөрүн өндүрүүнүн абалы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн адиси Г.Маматованын берген маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик салык төлөмдөрүн өндүрүүнүн абалы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн адиси Г.Маматованын берген маалыматы эске алынсын.
2. Мады айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине, айыл башчыларга карызы бар жарандардын карызын өндүрүүнү жана жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктын планын аткарууну, салыктын ар бир түрү боюнча камсыз кылуу, ошондой эле кошумча булактарды табуу же болбосо соода түйүндөрүнүн түшүүчү салыктын эсебинен айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Аматовко жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |