Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме
|
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомуна) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жөнүндө жобо 1-глава. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын (мындан ары – Академия) кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө тартибин аныктайт. 2. Академиянын кызматкерлеринин эмгек акысы кызматтык маянадан, кошумча төлөмдөрдөн, дем берүүчү жана компенсациялык мүнөздөгү үстөктөрдөн турат. 3. Академиянын кызматкерлеринин эмгек акысынын тарифтик ставкасын (маянасын) эсептөө үчүн минималдуу базалык ставканын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет. 2-глава. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар 4. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр жана терминдер: кызматтык маяна – компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эсепке албаганда, календардык ай үчүн бир ставкага кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн Академиянын кызматкеринин эмгегине акы төлөө; эмгек акы – иштин татаалдыгына, көлөмүнө, сапатына жана шарттарына жараша Академиянын кызматкерлеринин эмгеги үчүн берилүүчү сый акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр; Компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр үстөктөр жана кошумча төлөмдөр түрүндө кепилденген эмгек акыга чегерилүүчү райондук коэффициентти кошпогондо, Академиянын кызматкеринин кызматтык маянасына карата абсолюттук өлчөмдөр же пайыздар менен белгиленет; дем берүүчү жана компенсациялык үстөктөр – Академиянын кызматкеринин кыйла жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишүүгө, кесиптик чеберчилигин жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга дем берүүчү белгиленген кызматтык маянасынын үстүнө төлөнүүчү үстөктөр. Компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү үстөктөр Академиянын кызматкеринин кызматтык маянасынан конкреттүү акчалай суммада же аныкталган пайызда төлөнүшү мүмкүн. 3-глава. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери |