МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XXIV-сессиясы
2023-жылдын 15-ноябры № 135
Мады айыл аймагынын Чагыр айылындагы №10 көчөгө Кадырбердиев Курманбайдын ысымын коюу жөнүндө
Мады айыл аймагындагы Чагыр айылынын тургуну Кыдырбердиев Маматкеримдин арызынын негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл аймагынын Чагыр айылындагы №10 көчөгө Кадырбердиев Курманбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Чагыр айылындагы Кадырбердиев Курманбай атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Кадырбердиев Курманбайдын балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |