Редакцияот 15.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XXIV-сессиясы

 

2023-жылдын 15-ноябры № 137

Мады айыл аймагынын Чагыр айылындагы  № 3 аты жок көчөгө Жолдошбаев Мырзакулдун ысымын коюу жөнүндө

 

       Мады айыл аймагындагы Чагыр   айылынын  тургуну Мурзакулов Алмаздын арызынын негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып,   Мады айылдык кеңеши  төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында

                                                   ТОКТОМ   КЫЛАТ:

        1. Мады айыл аймагынын    Чагыр айылындагы № 3 аты жок  көчөгө Жолдошбаев Мырзакулдун   ысымы ыйгарылсын.

       2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Чагыр   айылындагы Жолдошбаев Мырзакул    атындагы      көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун ондоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Жолдошбаев Мырзакулдун   балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.

       3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

Төрага

 

Б.Мадазимов