Редакцияот 15.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XXIV-сессиясы

 

2023-жылдын 15-ноябры № 140

Мады айыл аймагынын Чагыр айылындагы  аты жок көчөгө Боронбаев Кочкондүн  ысымын коюу жөнүндө

 

       Мады айыл аймагындагы Чагыр   айылынын  тургуну Боронбаев Маматтын   арызынын  негизинде даярдалган ““Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып,   Мады айылдык кеңеши  төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

        1. Мады айыл аймагынын    Чагыр айылындагы  аты жок  көчөгө Боронбаев Кочкондүн   ысымы ыйгарылсын.

       2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Чагыр   айылындагы Боронбаев Кочкон    атындагы      көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун ондоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Боронбаев Кочкондүн  балдарына, жакын туугандарына  милдеттендирилсин.

       3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов