Редакцияот 15.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XXIV-сессиясы

 

2023-жылдын 15-ноябры № 141

Мады айыл аймагынын Каарман  айылындагы  аты жок көчөгө Султанов Турдубайдын  ысымын коюу жөнүндө

 

       Мады айыл аймагындагы Учкун   айылынын  тургуну Султанов Таалайбектин арызынын негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып,   Мады айылдык кеңеши  төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

        1. Мады айыл аймагынын    Каарман айылындагы  аты жок  көчөгө Султанов Турдубайдын   ысымы ыйгарылсын.

       2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Каарман   айылындагы Султанов Турдубай     атындагы      көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Султанов Турдубайдын  балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.

       3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов