Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
Токтом
2026-жылдын 24-марты №12
Болот Мамбетов айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, көчөлөргө, парктарга (эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруу боюнча Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ”, Мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Болот Мамбетов айыл аймагына караштуу калктуу конуштарга, көчөлөргө, парктарга (эс алуучу жайларга), муниципалдык мекеме ишканаларга, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруу боюнча Жобо бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Мандат, закондуулук, мыйзамдуулук, мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, этика жана диний иштер боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев