Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
Токтом
2026-жылдын 24-марты №13
Мал багуучулардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл чарба жана мал чарбасы боюнча башкы адис А.Шермуканбетовдун сунушун угуп жана талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын мал багуучуларына төмөндөгүдөй тариф
менен 2026-жылга жайыт акы жылына бир жолу кой-эчкиге-15сомдон, уйга-60 сомдон, жылкыга 100 сомдон, топозго-700 сомдон өз убагында 1-ноябрдан кечиктирбестен төлөө жагы чабандарга милдеттендирилсин;
2. Малчыларды жайлоого 1-10-апрелден баштап көчүрүлсүн жана айдоо жерлерди
коруу иштери башталсын;
3. Жеке менчик айдоо жерлерге кирген малдарга Кыргыз Республикасынын укук
бузуу Кодексинин 238-беренесине ылайык айып пул салынсын;
4. 2026-жылда бодо малды 600 сомдон, койду 120сомдон, тайды 800сомдон, эчкини
150 сомдон, кочкорду 150 сомдон багуу жагы чабандарга милдеттендирилсин;
5. Сырт өрөөнүнө 2026-жылдын 10-июнуна чейин көчүү жагы милдеттендирилсин;
6. Сырт өрөөнүнө көчпөгөн чабандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуу
Кодексинин 252-беренесине ылайык айып пул салынсын;
7. Сырт өрөөнүнөн 1-октябрь айынан кийин көчүп келүү жагын эскертүүнү жана
эрте келген малчыларга Кыргыз Республикасынын укук бузуу Кодексинин 252-беренесине ылайык айып пул салынсын;
8. Орто жайытта ээн калган кароосуз малдардын ээлерине Кыргыз
Республикасынын укук бузуу Кодексинин 238-беренесине ылайык айып пул салынсын;
9. 2026-жылы жайытты жакшыртуу максатында үрөн себилген жерлерге мал