Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2026-жылдын 26-январы № 7
Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 1944 жана № 1947 контурундагы 0,75 га жер аянттын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу № 149 Жер Кодексинин 21-беренесин жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловдун Жекенди айылындагы № 1944 жана № 1947 контурундагы 0,75 га жер аянтын , “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн сугат айдоо категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңеши депутаттарын сегизинчи чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы токтом кылат:
1. Жекенди айылындагы № 1944 жана № 1947 контурундагы 0,75 га жер аянтын, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн сугат айдоо категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Мурзапар уулу |