Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2026-жылдын 26-январы № 8
Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айылындагы Батман-Көл участкасына электр мамычаларын жаңылоого уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айылындагы Батман-Көл участкасына электр электр мамычаларын жаңылоого урусат берүү максатында Жекенди айылдык кеңеши депутаттарын сегизинчи чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы токтом кылат:
1.Жекенди айылдык аймагына караштуу Жекенди айылындагы Батман-Көл участкасына электр мамыларын жаңылоо максатында 1000 (миң) метр аралыкка электр чубалгыларын курууга урусат берилсин.
2.Тийиштүү документтерин бүтүрүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго жана жер маселелери боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Мурзапар уулу |