Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2026-жылдын 26-январы № 9
Жекенди айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жергиликтүү өз алдынча башкарууу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловдун сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы токтом кылат:
1.Жекенди айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынган Жекенди айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Садыбакасов Үсөнгө жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Мурзапар уулу |