Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2026-жылдын 26-январы № 10
Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Тейит айылындагы № 5-07-03-1003-0373 сандуу идентификациялык коду менен катталган жеке менчик жер аянттын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 Жер Кодексинин 21-беренесин жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловдун Кара-Тейит айылынын тургуну Жайчиев Жолдошалинин № 5-07-03-1003-0373 сандуу идентификациялык коду менен катталган 500 м.кв жеке менчик жер аянтынын максатуу багытын “өнөр жайга” которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңеши депутаттарын сегизинчи чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы токтом кылат:
1. Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Тейит айылынын тургуну Жайчиев Жолдошалинин № 5-07-03-1003-0373 сандуу идентификациялык коду менен катталган 500 м.кв жеке менчик жер аянтынын максатуу багытын “өнөр жайга” которууга (тегирмен салууга) уруксат берилсин.
2.Тийиштүү документтерин бүтүрүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго жана жер маселелери боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Мурзапар уулу |