Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы
2026-жылдын 26-январы № 2
Жекенди айылдык аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майы № 59 Бюджет кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жекенди айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги онунучу сессиясы, токтом кылат:
1. Жекенди айылдык аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 29994,2 (Жыйырма тогуз миллион тогуз жүз токсон төрт миң эки жүз) сом суммасында жана чыгашалар боюнча 29994,2 (Жыйырма тогуз миллион тогуз жүз токсон төрт миң эки жүз) сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жекенди айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкүдөй жактырылсын:
1) 2027-жылга кирешелер боюнча болжол – 32316,4 ( Отуз эки миллион үч жүз он алты миң төрт жүз сом) сом суммасында, 2027-жылга - 32316,4 ( Отуз эки миллион үч жүз он алты миң төрт жүз сом) сом суммасында;
2) 2028-жылга чыгымдар боюнча болжол – 34856,4 (Отуз төрт миллион сегиз жүз элүү алты миң төрт жүз) сом суммасында, 2028-жылга – 34856,4 (Отуз төрт миллион сегиз жүз элүү алты миң төрт жүз) сом суммасында;
3. Жекенди айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин пландоо бюджети 349,0 (үч жүз кырк тогуз миң) сомго бекитилсин, шарттуу малдын саны 4653 бирдик, жайыт пайдалануу үчүн төлөм 75 сомго жактырылсын.
4. Корголгон беренелер (эмгек акы, Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Жекенди айыл өкмөтүнүн аппаратына 20 штаттык бирдик каралсын, анын ичинен 8 кызматкер контрактын негизинде, техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 3 штат. Жекенди айылдык кенешинин катчысы 1 штат. Клубга 3 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 1 штат. Китепканаларга 6 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штат
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго жана финансы-экономика социалдык бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго жүктөлсүн.7. Ушул Токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2026-жылдын 28-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.Мурзапар уулу |