Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
Токтом
2026-жылдын 24-марты №15
Болот Мамбетов жалпы орто билим берүү мектебинин
көмөкчү чарбасын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ”, Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов жалпы орто билим берүү мектебинин көмөкчү чарбасындагы малдын башын аныктап, тактоо боюнча 2026-жылдын 13-февралындагы Актынын негизинде талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Болот Мамбетов жалпы орто билим берүү мектебинин көмөкчү чарбасы жоюлсун.
2. Болот Мамбетов жалпы орто билим берүү мектебинин көмөкчү чарбасынын малын сатуу боюнча төраганын сунушу менен комиссия түзүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчы Р.Т.Кылжыровго милдеттендирилсин.
Тѳрага М.Жунушалиев