Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
Токтом
2026-жылдын 24-марты №16
Таштандыга чогулган жыйымдан ар бир кожолуктан 25 сом өлчөмүндө Тоӊ райондук салык кызматына бир жылда бир жолу төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ”, Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровдун сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. 2027-жылдан баштап таштандыга чогулган жыйымдан ар бир кожолуктан 25 сом өлчөмүндө Тоӊ райондук салык кызматына бир жылда бир жолутөлөнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы Турмуш тиричилик жактан тейлөө чарбасынын башчысы А.Ибраевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровго тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев