Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
Токтом
2026-жылдын 24-марты №20
Болот Мамбетов айыл аймагынын “Жергиликтүү жамааттардын
Типтүү уставын бекитүү жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык элдин жашоо шарттарын оңдоо ирээтинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 17-мартындагы №01-25/78 “Жергиликтүү жамааттардын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө” буйругунун негизинде талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставы бекитилсин. (Уставдын тиркемеси тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин мандат, закондуулук, мыйзамдуулук, мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, этика жана диний иштер боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Төрага М.Жунушалиев