Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 22
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча
Ак-Башат айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана 2025-жылдын 10-октябрындагы № 9-Ак-Башат айылдык кеңештин кезексиз сессиясынын отурумунун чечимине ылайык, айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн, 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10-00дө Новониколаевка жалпы билим берүү орто мектебинин чоң залында жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны өткөрүлсүн.
2.Жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышууга делегаттарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Бекитилген квотага ылайык, 80-делегат жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышсын.
5. Бекитилген квотага ылайык, Ак-Башат айыл аймагынан 2-делегат шайланып, Кезектеги IV Элдик Курултайга катышууга жөнөтүлсүн.
6.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин өзүмө калтырам.
Төрага |
| И.С.Рыскулов |