А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2023-жылдын 24-январы № 13-1
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралган айылдык бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү" Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Бюджет Кодексинин" 102-беренесине ылайык депутаттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1.2023-жылда А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 34 322 700 сом өлчөмүндө бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. 2023-жылга бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй болуп колдоого алынсын:
- кирешенин болжолу 2024-жылга 41 411 700, 2025-жылга 43 413 700 сомго белгиленсин.
- А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолунун негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
4. Атайын каражаттардын кирешесин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
5. Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
6. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
7. 2023-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешине ыйгарылсын.
8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
9. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а: |
| А.Ашиева |