Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-ноябры № 24
Ак-Башат айыл аймагынын аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин 2025-2030-жылдарга пайдалануунун перспективдүү планын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик айыл чарба жерлер фондунун жерлерин сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында жана Ак-Башат айылдык кеңешинин 2025-жылдын 13-ноябрындагы кезексиз сессиясынын № 11 протоколунун чечиминин негизинде,айылдык кеңеш токтомкылат :
1.”Ак-Башат айыл аймагынын аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин 2025-2030-жылдарга пайдалануунун перспективдүү планы” бекитилсин.
2.Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Азаматов К.Б. бекитилген “Ак-Башат айыл аймагынын аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин 2025-2030-жылдарга пайдалануунун перспективдүү планы” жетекчиликке жана аткарууга алуу сунушталсын.
3.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети жер маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И.С.Рыскулов |