Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 25
Долбоорду биргелешип каржылоо тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматовдун “Новониколаевка айылынын Школьная көчөсүнөн Киров көчөсүнө чейинки скверди көрктөндүрүү” боюнча долбоорду биргелешип каржылоо боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Башат айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Новониколаевка айылынын Школьная көчөсүнөн Киров көчөсүнө чейинки скверди көрктөндүрүү” боюнча долбоорду биргелешип каржылоого, айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 367 493 ( эки миллион үч жүз алтымыш жети миң төрт жүз токсон үч) сом акча каражат бөлүп берсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И.С.Рыскулов |