Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы, №13/5
“Мады айыл аймагынын Достук, Жоош айылдарындагы жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу жөнүндө”
Мады айыл аймагынын Достук айылындагы №693 контурда 2,30 га сугат айдоо жер аянтына мектеп куруу үчүн жана Жоош айылындагы №441 контурунда жайгашкан сугат айдоо 1,0 га жер аянтына бала бакча, спорт аянтча куруу үчүн Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу жөнүндө айыл өкмөт башчысы Т.Токтосуновдун билдирүүсүн, айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Базиевдин маалыматын жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин негиз кылып Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы №693 контурдагы 2,30 га сугат айдоо жер аянтына мектеп куруу үчүн, Жоош айылындагы №441 контурунда жайгашкан сугат айдоо 1,0 га жер аянтына бала бакча, спорт аянтча курууу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысына жерлерди эсепке алуу, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документерди даярдоо жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо, экология жаратылышты коргоо, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт, энергетика, өзгөчө кырдаал боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |