Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2023-жылдын 24-январы  № 13-3

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин сессиясынын  күн тартибиндеги  А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндөгү маселени А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк"  боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 беренесинин 2- бөлүмү, Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3- беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык депутаттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңеши

                                             Токтом кылат.

1. А.Мирмахмудов айыл аймагында2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү бекитилсин;

2. 2023-жылдын  1-январынан тартып мүлк салыгын мыйзамдын негизинде иш алып баруу А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго милдеттендирилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча»  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

  Төраганын м.а: 

 

А.Ашиева