Редакцияот 22.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙТИК БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Байтик Баатыр айылдык кенешинин 19 жыйыны 29 чакырылыш

 

2024–жылдын 22-августу № 87

 

Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которууга макулдук берүү

Самтурова Саадаткан Исаевнанын өнөр жай объектилерин жана күнөскана жайгаштыруу үчүн Байтик айылынын №598 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,36 га жер тилкесинин “Айыл чарба багытындагы (жайыт) жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка максаттар” категорияга которуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жана карап чыгып Байтик Баатыр айылдык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Өнөр жай объектилерин жана күнөскана жайгаштыруу үчүн Байтик айылынын №598 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,36 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы (жайыт) жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка максаттар” категорияга которууга макулдук берилсин;

 

2. Байтик Баатыр айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба багытындагы жер тилкесин “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар” категориясына которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайство берилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Байтик Баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Осмоналиев К.