Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2023-жылдын 24-январы  № 13-5

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттарынын кезектеги XXVIII сессиясынын №28-2 токтомун аткарууга алуу жөнүндө

 

       А.Мирмахмудов   атындагы айыл аймагында жайгашкан аталышы жок жаңы конуштарга   наам берүү жана кээ бир көчөлөрдүн   аталыштарын өзгөртүп берүү жөнүндөгү айыл башчыларынын билдирүүлөрүн жана айыл тургундарынын ооз эки кайрылууларын канааттандыруу максатында 2019-жылдын 27-декабрындагы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттарынын кезектеги XXVIIIсессиясынын №28-2 токтому ар кандай себептер менен аткарууга алынбай калгандыгына байланыштуу, айыл аймак жашоочулары тарабынан кайрадан берилген арыздарын карап чыгып айыл аймактагы аты коюлбай калган же эки жолудан аталып калган  кээ бир көчөлөрдүн эски аталыштарын өзгөртүп, айыл аймак тургундарынын  арыздарын канааттандыруу максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги XIII   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында  жайгашкан  аталыштары жок же болбосо  эки жолудан кайталанып калган  көчөлөрдүн эски аталыштарын өзгөртүп берүү  жөнүндөгү айыл башчыларынын билдирүүлөрү жана айыл тургундарынын     арыздарын канааттандыруу максатында  аларга төмөнкүдөй наам берилсин:

Буудайлык айылы,

Аманбаев Абдурасул атындагы көчө 

Арал айылы.

1.    Молдо Абыт 2- көчөсүн   -Абдумаликов Абдибайит атындагы көчө,

2.    Кызыл көчөсүн                   -Шарипов Заипжан ажы атындагы көчөсү,

Барын айылы,

1.    М.Горький      - молдо Таавалды уулу Касым каары атындагы көчөсү,

2.    Алмазар          - Касымов Пазыл атындагы көчө.

3.    Ак шывак-1    – Ак шывак  көчөсү.

4.    Ак шывак-2    –Ташматов Тургун ата атындагы,

5.    Ак шывак-3     -Ахмаджанов Хаким атындагы көчө

6.    Таштак-1         –Тынчтык,

7.    Таштак 2     - Достук,

8.    Таштак 3     - Келечек

9.    Таштак 4     - Биримдик

10.  Таштак 5     -Ак тилек,

11. Таштак 6     - Ынтымактуу көчө

 

Чапаев айылы Үч-Кемпир участкасы (эски аталыштарын өзгөртүү)

С.Каратаев 1     - Абдуманноп Абдувопов

С.Каратаев 3     - Чыңгыз Айтматов

С.Каратаев 4     - Имам Ал Бухарий

Үч –Кемпир 1  - Хамиджан Азимов

Үч-Кемпир 2    - Ибн Сино

Үч-Кемпир 3   - Нуриддин Каримов

Үч-Кемпир 4   - Ахунжанов Акбаржон

Жаштар 1         - Устажанов Марибай.

Беш-Тал 1         - Дадажанов Ахмад Карвон, 

 

2. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Нурматовго, турак жай  жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы  адиси К.Араповго, жооптуу катчысы Гүлзат Сапарбек кызына  милдеттендирилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

       

  Төраганын м.а: 

 

А.Ашиева