Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 27
Долбоорду биргелешип каржылоо тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматовдун “ Новониколаевка айылына балдар ойночу аянтча жана варкаут аянтчасы менен куруу” боюнча долбоорду биргелешип каржылоо боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Башат айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “ Новониколаевка айылына балдар ойночу аянтча жана варкаут аянтчасы менен куруу” боюнча долбоорду биргелешип каржылоого, айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 750,0 ( жети жүз элүү) миң сом акча каражат бөлүп берсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И.С.Рыскулов |